Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Баткен шаарынын Разаков көчөсүндөгү жол тутумунун курулушундагы аткарылган иштердин жогорулатылган баада көрсөтүлгөндүгү аныкталды.

Шаардык мэриянын жооптуу кызматкерлери жумуш аткаруучу “Ч.С” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жасалган 2 964 700 сомдук тротуар, арык-лотоктору менен курулушту колдонууга кабыл алышкан.

Бирок, прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгында жумуш аткаруучу локалдык сметада каралган 1 917 443 сомдук асфальттын тротуарга төшөлбөгөндүгү такталган.

Жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү максатында, топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.