Жалал-Абад областтык прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилип кеткен, баасы 2 010 000 сомду түзгөн Жалал-Абад шаарынын паркынан 150 м2 жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

         Прокурордук текшерүү учурунда, Жалал-Абад шаардык мамлекеттик акимдигинин 1994-жылдын 25-апрелиндеги буйругу менен А.А. аттуу жаранга шаардык «Жеңиш» борбордук паркынан жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

         Жогоруда көрсөтүлгөн шаардык мамлекеттик акимдиктин буйругун жараксыз деп табуу тууралуу прокуратуранын доо арызы сот тарабынан канааттандырылган.

 Келтирилген прокурордук актынын негизинде аталган кыймылсыз мүлк Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына кабыл алынды.