Ноокен райондук прокуратурасы тарабынан райондук мамлекеттик администрациянын, социалдык коргоо башкармалыгынын, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин, орто мектептердин социалдык педагогдорунун, айыл өкмөттөрдөгү социалдык адистердин, аялдар кеңешинин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол уюштурулду.

Иш-чарада жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук, никеге туруу максатында кыз ала качуу жана бул жоосундар боюнча жоопкерчилик маселелери каралды. Ошондой эле, көрсөтүлгөн укукка жат аракеттерге карата күрөшүүнүн көйгөйлөрү жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланды.  

Жолугуунун жыйынтыгы менен, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандарга район аймагында психологиялык консультация алууга,  убактылуу жашап турууга мүмкүн болгон кризистик борбор ачуу жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштар берилди.