Нарын облусунун Ат-Башын райондук прокуратурасы тарабынан аталган райондун Ак-Моюн айыл өкмөтүндөгү бала бакчанын мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому жана Ат-Башы районунун "Кыргыз почтасы" мамлекеттик мекемеси, Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамынын талаптарын бузуу менен, аталган айыл өкмөтүндөгү "Тамчы-Булак" муниципалдык бала бакчасынын имаратынын ичиндеги, жалпы аянты 44,72 чарчы метр болгон эки бөлмөнү мыйзамсыз менчиктештирип алгандыгы аныкталган.

Аталган объектилерди кайтаруу максатында, райондун прокуратурасы 2021-жылдын 28-апрелинде Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын атына сунуш киргизген.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мыйзамсыз менчиктештирилген бөлмөлөр «Тамчы-Булак» бала бакчасынын менчигине кайтарылды.