Ош облустук прокуратура органдары тарабынан аймактагы социалдык инфраструктура объектилерин курууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдалануунун мыйзамдуулугун текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтү 2020-жылдын 24-августунда “К.С.С.” ЖЧКсы менен аталган айыл өкмөттүн Миялы айылына 60 орундуу мектептин имаратын куруу үчүн келишим түзүп, ага ылайык Сарай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 7 130,4 миң сом акча каражаты курулуш иштерине каржылангандыгы аныкталган.

Бирок, кабыл алынган жумуштардын көлөмү контролдук өлчөөгө алынганда, Сарай айыл өкмөтүнүн жана “К.С.С.” ЖЧКнын жооптуу кызмат адамдары мектеп имаратынын курулушунун айрым жумуштарын жогорулатылган баада көрсөтүшкөн жана иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды актыга негизсиз киргизишип, натыйжада мамлекетке 2 млн 970 миң сомдук материалдык зыян келтиришкен.

Ош областынын прокуратурасы тарабынан бул факты 2021-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 205-беренеси менен (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.