2020-жылы Ысык-Көл областтык прокуратура органдары ишкерлердин укуктарын коргоо багытында 23 текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн жыйнтыгы менен 29 мыйзам бузуу аныкталып, аларды жоюу үчүн 22 прокурордук чара көрүү акытылары келтирилип, 1 материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ошондуктан, үстүбүздөгү жылдын 15-мартында областтык прокуратуранын демилгеси менен салык кызматынын, Ысык-Көл областты өнүктүрүү фондун башкаруу Дирекциясынын жана башка мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда ишкерлер менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушунун жыйынтыгы менен Ысык-Көл областтык прокуратура тарабынан бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнө укуктары жана фискалдык ошондой эле контролдук органдарынын мыйзамсыз кийлигишүүсүнөн коргонуу жолдору түшүндүрүлдү.