Бүгүн, 24-мартта Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жана 2021-жылдын 4-мартындагы «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыктарын аткаруу максатында Ош шаарынын прокуратурасынын демилгеси менен фискалдык жана башка органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда ишкерлер менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуу учурунда, прокуратура органдарынын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча прокурордук көзөмөлдү камсыз кылуу экендигин Ош шаарынын прокуратурасынын жетекчилиги белгилеп өттү.

Ошондой эле, катышуучуларга шаардык прокуратура тарабынан Ош шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтары, салык жана укук коргоо органдары тарабынан ишкердик субъекттердин ишмердүүлүгүнө кийлигишүү же коррупциялык фактыларды болтурбоо максатында ыкчам кайрылуу кылуу үчүн ишеним телефондору ишке киргени тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, катышуучулар өз ыраазычылыктарын билдирүү менен ишкерлердин укуктарын коргоо жаатында көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүү үчүн мындан ары тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдиришти.