Чүй областынын Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан Жер кодексинин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча органдары” жөнүндө мыйзамынын аткарылышы боюнча Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган айыл өкмөттүн 2003-жылдагы чечими менен Т.Ж. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө 48,5 га жайыт жер тилкеси убактылуу колдонуу үчүн 49 жылга берилип кеткендиги аныкталган.

Прокурордук актынын негизинде, жыйынтыгы менен Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн чечими менен жогоруда аталган 2 млн 425 миң сомго бааланган   48,5 га жайыт жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кайтарылды.