Прокуратура тарабынан Жайыл районунун бириккен аймактык ооруканасына караштуу баасы 2 190 000 сом болгон имаратын жеке тарапка мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды.

Прокурордук текшерүү учурунда, Кара-Балта шаардык мэриясынын чечими менен Р.А. аттуу жаранга жалпы аянты 224,20 чарчы метрди түзгөн аталган райондун бириккен аймактык ооруканасынын стерилизациялык бөлүмүнүн имараты мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилгендиги такталды.

Соттук кароонун жыйынтыгы менен мэриянын чечимин жараксыз деп табуу жөнүндөгү прокуратуранын доо арызы толугу менен канааттандырылды.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жогорудагы оорукананын  имараты      муниципалитеттин балансына кабыл алынды.