2021-жылдын 12-апрелинде Бишкек шаардык прокуратурасында Кыргыз Республикасынын Бизнес-омбудсменинин орун басары Н.Мусуралиев менен жолугушуу болуп өттү. 

Анда ишкерлердин укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташуу, ишкердик субъектилердин ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзамдар боюнча маселелер талкууланды.

Мындан сырткары, инвестиция жана ишкердик чөйрөсүндөгү көйгөйлөр, инвесторлордун укуктарын коргоо чаралары боюнча пикирлер ортого салынды. 

Иш-чаранын жыйынтыгы менен тараптар андан аркы кызматташууга жана өз ара аракеттенүүгө макулдашты.