Бүгүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев орун басарлары жана башкармалыктардын, бөлүмдүн башчылары менен биргеликте Башкы прокуратуранын аймагында өткөн тазалоо иштерине катышты.

Башкы прокурор кызматкерлер менен бирге Алисакар Токтоналиев көчөсүнүн боюна ак кайың жана кара жыгач көчөттөрүн отургузду.

Ошондой эле, кызматкерлер Башкы прокуратуранын аймагын тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.