Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жетекчилиги тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттерине, соттук териштирүүлөрдөгү негизсиз создуктурууларга карата жана ар түрдүү маселе, талаптар боюнча кайрылган 20дан ушуун жаранды кабыл алды.

Ар бир кайрылууну дыкат карап чыгуу максатында, жарандарды кабыл алуу жараянына Башкы прокуратуранын жетекчилигинен сырткары Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын прокурорлору жана Ош шаарынын прокурору видео байланыш аркылуу катышышты.

Кабыл алуунун жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине тийиштүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.