Бүгүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан уюштурулган 8-март - Аялдардардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин катышуусу менен болуп өттү.

Башкы прокурор айымдарды келе жаткан эл аралык майрамы менен куттуктап, өз сөзүндө «Жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, «бейиш эненин таман астында» деп белгиледи.

Иш-чаранын соңунда Башкы прокуратуранын жетекчилиги майрам ээлерине белек тартуулашты.