2021-жылдын 22-23-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү БУУнун үчүнчү сессия аралык мүчө-мамлекеттердин коррупцияга каршы Конвенциясынын жыйынында ушул жылдын июнь айында Башкы Ассамблеянын жүрүшүндө кабыл алына турчу саясий декларацияны даярдоо жана талкуулоого катышышты.


Пандемияга байланыштуу чектөө чаралардан улам, бул кеңешме Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Венадагы штаб-квартирасында гибриддик форматта (онлайн) өткөрүлдү. Кеңешмеге дүйнөнүн 150дөн ашуун антикоррупциялык органдарынын өкүлдөрү катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө Башкы прокуратуранын өкүлдөрү эл аралык кызматташтык боюнча доклад, ошондой эле уурдалган активдерди кайтаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат беришти. Ошондой эле, Кыргызстан БУУнун коррупцияга каршы Конвенциясына чоң маани бергенин белгилеп, аны коррупцияга каршы күрөшүүдө глобалдык эл аралык инструмент катары тааныгандыгын, анын ичинде уурдалган активдерди кайтаруу чөйрөсүндө жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөдө кеңейтүү керектиги белгиленди.


Мындан тышкары, кыргыз тарап COVID-19 пандемиясына байланыштуу БУУнун коррупцияга каршы Конвенциясынын саясий декларациясына мүчө-мамлекеттердин өз ара кызматташууну ыкчам жүргүзүү максатында корголгон электрондук канал аркылуу байланыш түзүү маселесин карап чыгуу сунушун киргизди.