2022-жылдын 20-майында Жумгал райондук сотунун судьясы А.А. менен райондун прокурорунун орун басары О.Ж. Жумгал райондук сотунун имаратында экөө бирге 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалышкан.

Судья менен прокурордун орун басарынын пара алып жаткан учуру толугу менен видеого тартылып алынган.

Ошол эле күнү, райондун прокурорунун орун басары убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми, судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана ага карата бөгөт коюу чарасын колдонуу маселеси мыйзамда каралган тартипте (Башкы прокурордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин макулдугу менен) чечилет.