Прокуратура органдарынын ардагери, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси Садыков Камильжан Турсуновичтин 62 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы маркумдун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат. 

Камильжан Турсунович 1959-жылдын 29-ноябрында Жети-Өгүз районунун Покровка айылында төрөлгөн.  1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүрүп, укук таануу адистигине ээ болгон. Ошол эле жылы Токмок шаардык прокуратурасында стажер-жардамчы болуп эмгек жолун баштаган. 1987-2000-жылдар аралыгында Токмок, Кант шаардык, Чүй облустук  прокуратураларында түрдүү жооптуу кызматтарды аркалаган. 2000-2001-жылдар ичинде Жайыл районунун прокурорунун орун басары жана Аламүдүн районунун прокурорунун орун басары, 2001-жылдан 2004-жылга чейин Кемин районунун прокурорунун орун басары болуп эмгектенген. 

Камильжан Турсуновичтин жаркын элеси ишине жоопкерчилик менен берилген адис катарында кесиптештеринин эсинде ар дайым сакталат.