Бүгүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун биринчи орун басары А.Молдокматов менен АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун Борбордук Азия боюнча жаңы дайындалган туруктуу өкүлү Блэйк Вирт мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушууга АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин башка жооптуу кызматкерлери да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык конвенциялар менен макулдашуулардын алкагында кызматташтыкты активдештирүү аркылуу коррупцияга каршы күрөшүү, уурдалган активдерди кайтаруу жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулука каршы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелерин талкулашты.

А.Молдокматов америкалык кесиптештеринин көңүлүн жогоруда айтылган маселелер боюнча алдыңкы тажрыйба алмашууда эки тараптуу ишти жакшыртуунун зарылдыгына бурду.

Мындан тышкары, макулдашылып жаткан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишиминин долбоору боюнча маселелер көтөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында, америкалык тарап кыргыз тараптын учурдагы өтүнүчтөрүн эске алуу менен эки тараптуу кызматташтыктын потенциалын арттырууга даярдыгын билдирди.