Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29 январдагы “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” жана 2021-жылдын 4 мартагы «Ишкердик субъекттерди коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыктарын турмушка ашыруу максатында, Баткен облустук прокуратурасы тарабынан 2021-жылы 2 сентябрда “Жаш ишкерлер ассоциясынын” ишкердикти колдоо борборунун Баткен областындагы өкүлчүлүгү менен биргеликте укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда Баткен районунун жеке ишкерлери менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууда жеке ишкердик субъекттеринин укук жана милдеттери, алардын ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын кийгилишүүсүнө жол берилбестиги жөнүндө түшүндүрүлүп, ишкерлик менен алектенүүдө жаралган тоскоолдуктар жана ага терс таасирин тийгизген учурлар жеке ишкерлердин активдүү катышуусунда талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында башка райондордо ушундай жолугушууларды өткөрүү жөнүндө макулдашылып, айтылган көйгөйлүү маселелерди чечүүгө аракеттерди көрүү жөнүндө сүйлөшүлдү.