Руханий, адеп-ахлактык өнүктүрүү, патриоттук жана дене тарбиясы жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында,  Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөөчү кызматкерлерди кесиптик даярдоо борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата иш чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын алдында прокуратуранын жаш кызматкерлери Башкы прокуратуранын музейине барышып, кыргыз прокуратурасынын түзүлүү тарыхы менен таанышышты.

Андан соң, «Прокуратура органдарынын стратегиялык ресурсу -  бул кесипкөй кадрлар» темасындагы  тегерек стол өткөрүлүп, анын жүрүшүндө эгемендүү демократиялык мамлекеттин калыптануу жана өнүгүү этаптары боюнча презентация көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетектөөчү адиси Т.Осмоналиев баяндама жасап, ал Ж.Абдрахманов, А.Сыдыков, А.Орозбеков, И.Айдарбеков, К.Тыныстанов, Б.Исакеев, Т.Сатылганов, К.Акиев, Ч.Айтматов жана башка кыргыз интеллигенциясынын чыгаан инсандарынын  кыргыз мамлекеттүүлүгүн, маданиятын жана улуттук тилин өнүктүрүүдөгү өзгөчө ролун белгиледи. 

Прокуратура органдарынын ардагерлери С.А.Абдуллаев, К.Б.Кукеев, Э.М.Жаманкулов, Б.К.Кочкорбаева, М.К.Байызовдор кесиптик жана турмуштук тажрыйбалары менен бөлүшүшүп, жаш муундарды өз мекенинин патриоту болууга, Мыйзамдуулук үчүн кызмат кылууга чакырышып, алардын иштерине ийгилик каалашты.

Иш-чаранын соңунда, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, прокуратуранын ардагери С.А.Абдуллаев Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын музей фондун толуктоо үчун 1960-жылдын редакциясындагы  Кыргыз ССРинин Уголовный кодексин салтанаттуу түрдө тапшырды. 

Жаш кызматкерлер Борбордун окуу базасындагы   «Криминалистикалык кабинет», «Соттук зал», «Тестирлөө кабинети», «Манас» эпосунун негизинде түзүлгөн иллюстрациялык галереясы менен таанышышты.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» ПЖ№1 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.