2021-жылдын 21-июлунда прокуратура органдарынын ардагери, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Шатенов Кубанычбек Касымбековичтин 65 жаш курагында дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы маркумдун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат. 

Кубанычбек Касымбекович 1955-жылдын 19-декабрында Ысык-Көл районунун Григоревька айылында төрөлгөн. 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүрүп, укук таануу адистигине ээ болгон. Ошол эле жылы Ош шаардык прокуратурасында стажер-тергөөчү болуп эмгек жолун баштаган. 1982-1994-жылдар аралыгында Ош шаардык, Ысык-Көл, Чүй жана Ош облустук прокуратураларында түрдүү жооптуу кызматтарды аркалаган. 1994-1996-жылдары Көк-Жаңгак шаарынын прокурору, 1996-жылдан 2000-жылга чейин Талас районунун прокурору, 2000-2001-жылдары Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун улук жардамчысы болуп эмгектенген. 2001-2003-жылдар аралыгында Башкы прокуратуранын бөлүм прокурору, бөлүмдүн улук прокурору, 2003-жылдан 2008-жылга чейин Каракол шаарынын прокурору, 2008-2012-жылдары Башкы прокуратуранын башкармалыгынын улук прокурору, ошондой эле Башкы прокурордун жардамчысы, 2012-жылдан 2016-жылга чейин Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары, 2016-2018-жылдар аралыгында Ысык-Көл облусунун прокурорунун орун басары кызматтарын аркалап, ардактуу эс алууга чыккан. 

Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган. Кубанычбек Касымбековичтин жаркын элеси ишине жоопкерчилик менен берилген кесипкөй адис катарында кесиптештеринин эсинде ар дайым сакталат.