Башкы прокурор К.Зулушевдин жетекчилигиндеги Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын делегациясы Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өткөн Европа мамлекеттеринин прокуратура органдарынын башчыларынын эл аралык конференциясына катышты.

         Күн тартибине ылайык, конференцияда прокурордун кылмыш, жарандык жана административдик процесстердеги ролу, ошондой эле киберкылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга жана экологиялык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.

         Иш-сапардын жүрүшүндө Башкы прокурор К.Зулушев Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Башкы прокурорлору менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

         Жолугушууларда тараптар өз ара укуктук жардам көрсөтүү, адамдарды өткөрүп берүү, тажрыйба алмашууну улантуу жана прокурордук иштин ар кандай багыттарында кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти жандандыруу жаатында эл аралык кызматташуунун жаңы баскычтарга жогорулашына көңүл бурушту. 

Белгилей кетсек, иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн көзөмөл органдарынын жетекчилери жана Европа Кеңешине мүчө мамлекеттердин Башкы прокуратураларынын, Юстиция министрликтеринин өкүлдөрү катышты.