2021-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөөчү кызматкерлерди кесиптик даярдоо борбору тарабынан Бишкек, Ош шаарларынын жана Чүй облусунун прокуратураларынын кызматкерлери үчүн «Шайлоо мыйзамдарынын аткарылышына прокурордук көзөмөл» аталышындагы онлайн-семинар өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын компоненти 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган  Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтүүгө багытталды.