Бүгүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Зулушев жарандарды кабыл алды, анда соттук териштирүүлөрдүн негизсиз создуктурулуп жаткандыгы,  тергөө органдары тарабынан процесстик ченемдеринин бузулушу жана башка мүнөздөгү кайрылуулар каралды. 

Ошондой эле, жолугушууга Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары дагы катышты. 

Башкы прокурор жарандардын кайрылуулары менен талаптарына ыкчам чара көрүүнү талап кылып, тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине аларды чечүү боюнча тапшырмаларды берди.

Белгилеп кетчү жагдай, жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.