Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү "Кыргызстандын Укуктук Коомчулугу" коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган "Мыйзам 2.0" Улуттук укуктук форумунун алкагында “Инвестициялык чөйрө. Кыргыз Республикасында инвестицияларды жана бизнестин кызыкчылыктарын коргоо” боюнча панелдик талкууга катышты. Иш-чара Zoom онлайн платформасы аркылуу фейсбукта түз эфирде өткөрүлдү.

Талкууга Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин эксперти, Кыргызстандын юридикалык коомчулугунун программасынын юрист-адиси жана Кыргыз Республикасынын бизнес ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты.

Онлайн талкуунун жүрүшүндө Башкы прокуратуранын инвесторлорду коргоо жана ишкерлердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору А.Дегенбаев катышуучуларга прокуратура органдары тарабынан ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык жана Жазык-процесстик кодекстеринин долбоорлорундагы ишкерлердин укуктарын коргоо жаатындагы жаңылыктар жөнүндө маалымдады. Мындан тышкары, ишкерлерге Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий сайты аркылуу кайрылуунун жол-жобосу түшүндүрүлүп, ишкерлердин укуктарын коргоо багыты боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.