Жети-Өгүз райондук прокуратурасы тарабынан 1,5 гектар аянттагы жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп берүү фактысын аныктады. Аталган райондун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы токтому менен Кызыл-Суу айылынын “А” аттуу тургунуна 1,5 гектар аянттагы жайытка кирген жер тилкеси мыйзамсыз бөлүнүп берилген.

   Бул факты Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 329-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Прокуратура тарабынан жерди кайтаруу үчүн келтирилген доо арыз соттук кароонун жыйынтыгы менен толук канааттандырылган. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, 431 715 сомго бааланган жер тилкеси муниципалдык менчигине кайтарылды.