Прокуратура Дача-СУ каргашасы сыяктуу иштерди аягына чыгаргысы келет. Бул тууралуу Баш прокурор Курманкул Зулушев бул тууралуу 5-февралда маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

-Конституциялык реформанын алкагында прокуратурага тергөө укугу бериле турган болсо, анда Дача-СУ каргашасы, Түштүк-Түндүк атаандаш автоунаа жолу, Ысык-Көлдөгү ат майдан, Датка-Кемин электр чубалгысы жана башка он чакты тергөөсү аяктабаган жазык иштери жыйынтыкталат –деди Башкы прокурор.