2021-жылдын 9-апрелинде Башкы прокуратуранын имаратында Башкы прокурордун орун басары Абай Молдокматовдун «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоону жана өткөрүүнү байкоо үчүн келген Тажикстан Республикасынын Маджлиси милли Маджлиси Оли комитетинин төрагасы - Дилшод Сафарбек Рахмон башында турган - Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын эл аралык байкоочуларынын делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, 2021-жылдын 11-апрелинде боло турган референдумду жана жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө мыйзамдуулукту камсыз кылууга байланышкан маселелер талкууланды.

Дилшод Сафарбек Рахмон мырза белгилегендей, алар үчүн референдумду жана шайлоону байкоо - бул чоң ишенимдин белгиси жана алар Кыргызстанга келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна кубанычта экендигин билдирди.

Жолугушуунун алкагында, Башкы прокурордун орун басары А.Молдокматов Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын референдумду жана жергиликүү кеӊештердин депуттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө мыйзамдуулукту камсыз кылуу, укук бузууларды четтетүү, жарандардын шайлоо укуктарын коргоо чаралары жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик туурасында, жарандардан жана юридикалык жактардан келип түшкөн арыздарды кароонун натыйжалары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жана БШК менен өз ара аракеттенүү жөнүндөгү иши тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жумушчу байланыштарды түзүп, мындан аркы кызматташууну улантуу боюнча макулдашууга жетишишти.